“Маданият булактарын пайдалануу жана башкаруу боюнча жаштар кыймылы” жайкы мектебинин экинчи иш күнү: 11 июлда, Айгине МИБу жайкы мектептин катышуучулары менен бейзаттык маданий мурастарды изилдөө жана сактоо жаатында жасалып келе жаткан иш-аракеттеринин натыйжасы жана тажырыйбасы менен бөлүшө алды. Уюштуруучулардын сураныы боюнча, төмөнкү үч багыт баянда камтылды: 1. ЮНЕСКОнун 2003 жылы Бейзаттык маданий мурасты коргоо боюнча кабыл алынган конвенциясы тууралу эң негизги маалымат; 2. Нурак Абдрахмановдун Эн-Белги ыкмасын биргеликте окуу курал түрүнө келтирүү, музыка мугалимдерине окутуу, калың эл арасына жайылтуу жана “Эн-Белги” 1000-комузчу ансамблинин түзүлүшү тууралу; 3. Чийимташтарды салтуу көз караш…
