Ички талкуу: 28-июнда МИБ Айгиненин тобу кыргыздардын салттуу түш жорууусу боюнча тексттерди ички макулдашуу жана басылманын сүрөттөлүшү боюнча талкуу өткөрдү. Адистик тастыктоо: 29-июнда МИБ Айгиненин тобу Солтек долбоорунун өнөктөштөрү катары долбоордун адиси, эркин журналист жана кыргыз санжырасын изилдөөчү Шаакан Токтогул менен бирге кыргыз маданиятындагы аялзаттын жан-дүйнөсүн тынч абалга алып келүүгө, калыбына келтирүүгө жана ички сезимин өстүрүүгө багытталган усул-жолдорду боюнча санариптик колдонмонун мазмунун бекитүү боюнча талкуу өткөрүштү. Долбоор Паванка Фонду тарабынан колдоого алынган. Кулун-Ата боюнча мультфильмди тартуунун акыркы баскычы: “Маданий мурастардын заманбап технологиялар менен жолугушуусу” долбоорунун алкагында жаралган биринчи анимациялык тасманы…
Day: July 6, 2023
Баалоо Бирикмесинин иш жыйналыштары
Кулжа айынын 12-де ЮНЕСКО-нун 2003 Келишими боюнча Эл Аралык Комитетинин алдындагы Баалоо бирикмеси өз ишин баштады. Иштин негизги максаты – өлкөлөрдөн түшкөн 60 сунушту талкуулап, жалпы баа чыгарып, Эл-Аралык Комитетине сунуштоо. Сунуштар бейзат маданий мурас боюнча иштелип чыгып, Юнесконун үч тизмесине кабыл алынат: Шашылыш түрдө сакталуучу мурастын тизмеси, Өкүлчүлүк тизмеси жана Мыкты сактоо тажрыйбалар тизмеси.
Түрк элдеринин салттуу тамак-аш фестивалы
Бүгүн МИБ Айгиненин жамааты уюштуруучулардын чакыруусу менен Супара Чуңкурчак улуттук маданий аймагында өткөн биринчи Түрк элдеринин салттуу тамак-аш этнофестивалында болушту. Фестивалдын жүрүшүндө бир нече бейзаттык маданий мурас байкоого алынып, тартылды. Тасмага терме, өрмөк, сайма сайуу, ошондой эле салттуу ашкананын тамактары чагылдырылды. Маалымат ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастар фондунун колдоосу менен МИБ Айгине тарабынан ишке ашырылып жаткан « Бейзат маданий мурас дүйнөсүнө санариптешкен саякат» долбоорунун алкагында чогултулуп жатат. Фестивалды Түрксой эл аралык уюму «Супара» улуттук маданий аймагынын колдоосу менен уюштурган.
