Бүгүн, 31-мартта, МИБ Айгиненин кеңсесинде Солтек тобу МИБ Айгиненин тобу менен биргеликте кыргыз маданиятындагы аялзаттын жан-дүйнөсүн тынч абалга алып келүүгө, калыбына келтирүүгө жана ички сезимин өстүрүүгө багытталган усул-жолдорду, санариптик каталог аркылуу документтештирүү жана мүмкүн андан ары күнүмдүк жашоого киргизүү үчүн жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Журналист, кыргыз санжырасын изилдөөчү Шаакан Токтогул өз көз карандысыз кыргыздын салттуу маданиятында кабыл алынган активдүү медитация деп аталган аялдардын салттуу үлгүлөрүн – токуучулук жана салттуу активдүү оюндарды талкууга сунуштады. Сүрөтчү, дизайнер, колдонмо көркөм искусство боюнча эксперт-изилдөөчү, “Кеңеш” студиясынын негиздөөчүсү Гүлмира Кутуева кыз-келиндердин туш кийиздин саймалоо тажрыйбасы тууралуу…
Year: 2023
Чийимташтардагы сүрөттөрдү чечмелөөгө багытталган топ
Бүгүн, 3-февралда Айгине МИБнун тобу Кыргызстандын чийимташтарындагы бугу жана тоо текелердин сүрөттөрүн салттуу илим аркылуу чечмелөөгө багытталган кереге кеңеш өткөрдү. Иштин жүрүшүндө, бугу менен тоо текелердин кыргыздын салттуу маданиятында кандай мааниге ээ, руханий жана күнүмдүк жашоодогу эмнени түшүндүрөт жана кыргыз адам баласы үчүн эмнени билдирет деген сууроолор талкууга алынды. Талкуу Кыргызстандын түпкү элдеринин билимин байытуу боюнча жаңы демилгенин алкагында уюштурулуп, Бүткүл дүйнөлүк жергиликтүү илимий тармак (WISN) тарабынан колдоого алынган.
Кыргыз маданиятындагы канаттуу салттуу баш кийимдер
1-февралда МИБ Айгиненин кеңсесинде «Кыргыздын салттуу баш кийимдери» аттуу биринчи кереге кеңеш болуп өттү. Талкууга кол өнөрчүлөр, салттуу билимиди алып жүрүүчүлөр, өнөрпоздор, манасчылар, изилдөөчүлөр катышты. Жыйындын негизги маселеси – эркектердин жана аялдардын салттуу баш кийиминде канаттуулардын жүндөрүн жана канаттардын колдонулушунун мааниси жана себептери талкууланды. Талкуу каралып жаткан маселенин ар кандай жактарын камтыган төрт баяндаманын негизинде болду. “Кийиз дүйнө” коомдук уюмунун жетекчиси, кол өнөрчү Айдай Асангулова жаш кыздардын баш кийимдеринде негизинен үкүнүн жүнү кара күчтөрдөн коргоочу тумар катары колдонулганы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү. Ошондой эле орто жаш аялдар үчүн элечектин…
Маданий мурас менен заманбап технологиялардын жолугушуусу
ОсОО «СолТех», МИБ Айгине маданий мурасты сактаган топтор менен биргеликте «Маданий мурастын жана заманбап технологияладын жолугушуусу» долбоорун ишке ашырууну баштады. Бул долбоордун алкагында маданий мурасты сактоого, жайылтууга жана өсүп келе жаткан муунга жеткирүүгө багытталган 2 анимациялык тасма жаратылат. Ошондой эле долбоордун алкагында санарип каталогун түзүү үчүн ата-бабалардан келе жаткан баталарды, Жаратканга кайрылуунун жолдорун, түштөрдү жоруу усулдарды излилөө ишке ашырылат. Долбоордун түпкү максаты: санариптик каталогду колдонуу аркылуу маданий мурастарды сактоо жана азыркы жашоодо пайдалуу.
