Климаттын өзгөрүлүшү жана Баткендеги өрүк менен күрүч остүрүүнүн тажрыйбасы: Айгине МИБ Баткендеги өрүк менен күрүч остүрүү тажрыйбасын климаттын өзгөрүлүшүнө байланыштуу изилдей баштады. Чакан изилдөөнүн максаты: өрүк өстүргөн жана күрүч баккан эмгекчилдердин климаттын өзгөрүлүшүнө өз көз-караштарын таанып түшүнүү жана талдоого алуу. Чакан изилдөөнү Баткен боюнча касиеттүү жерлерди изилдешкен, көп жылдар бою эмгектешип келе жаткан Матраимов Абдыразак ишке ашырууда. Изилдөөнүн табылгалары өз эмгекчилдер менен талдоого алынат жана кийин климат өзгөрүү боюнча кенен үлгүлөрдүн алкагында каралат. Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастын улуттук тизмеси: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу…
Year: 2023
Ата-бабалардан мурасталган жерлердин жана суулардын аталыштарынын мааниси жана тарыхы
Айгине маданий-изилдөө борбору Ысык Көл аймагындагы айылдардын, жерлердин, суулардын, тоолордун аталыштарын изилдей баштайт. Изилдөөнүн максаты: ата-бабалардан калган жерлердин жана суулардын аталыштарын кайтаруу жана пайдалануу, алардын маанисин жана тарыхын иликтеп, элдик билимге негизделген аймак таанууну өнүктүрүү. Иштешүүгө кыргыз тилин билген, кыргыз оозеки тарыхына кызыккан мекендештерибизди чакырабыз. Кызыккан кишилер билдирмелерин аяк оона айынын 15-не чейин office@aigine.kg дарегине салышы зарыл. Билдирмелерге коюлган талаптар: 1. Аты-жөнүңүз жана жашыңыз 2. Кайсы айылдардын/жерлердин/суулардын/тоолордун аталыштарынын тарыхын жана маанисин чечмелеген маалыматты бере аласыз 3. а)кайдан, б)кимден, в)качан аталыштардын тарыхын жана маанисин ачып берген маалымат алынды (алынат). Интернет булактардан алынгын маалымат кабыл алынбайт. Билдирмелер топтолуп, иреттелгенден кийин, ар-бир билдирме салган кишиге жооп тогуздун айынын 30-на чейин кайтарылат. Талаптарыбызга жооп берген билдирмелердин ээлери өнөктөштүккө…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Түпкүлүктүү элдердин эл аралык күнүнө карата онлайн иш-чара: Баш оонанын 9-да Айгине МИБ тобу Паванка Фондунун онлайн иш-чарасына катышты. Иш-чаранын максаты – айлана-чөйрөнү коргоодогу жергиликтүү жаштардын орду жана салымы. Иш-чарага дүйнөнүн ар башка аймактарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын тажрыйбасын Айгине МИБ адиси Айбек Самаков сунуштады. Айбек Паванка фонду тарабынан колдоого алынган климаттын өзгөрүлүшүнүн салттуу белгилери боюнча долбоордун жыйынтыктары менин бөлүштү. Айбек салттуу билимдин, анын ичинде жаратылыш жөнүндөгү билимдин маанисине токтолду. Ошондой эле салттуу билимдер көп учурда илимий коомчулуктун жана чечим кабыл алуучулардын көз жаздымында калып, климаттык үлгүлөрдү иштеп чыгууда эске алынбай…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Кыргызстанда жашаган 2 элдин – дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык маданий мурастын элементтерине арналган тизменин үстүндө иштөө: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу тобу бейзаттык маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмесин инвентаризациялоонун жана тактоонун үстүндө иштеп жатат. Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурастын элементтеринин үстүндө иштөө менен бирге Кыргызстандын этностук топторунун – дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык маданий мурастын элементтерин документтештирүү биринчи жолу жүргүзүлүүдө. Жумушчу топтун курамына бул этностордун эки өкүлү кирди, алар өз жамааттарынын деңгээлинде инвентаризациялоо аркылуу бейзаттык маданий мурастын элементтеринин биринчи документациясын түзүү менен алектенишет. Кыргызстандын ыйык…
