Долбоор боюнча биринчи уюштуруу жыйыны: 13-сентябрда Айгине МИБ кеңсесинде “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү кошуу” долбоорунун биринчи жыйыны өттү. Долбоордун максаты – “коңур” үнүн (кыргыздын нукура үнү) сактоо жана оркестрге кошуу жолдорун изилдөө, ошондой эле аны оркестрдин үнүнө кошуу. Жолугушууда долбоордун демилгечиси оркестр боюнча адис Чолпон Турумбаева жана кесиптештери Айгине менен бирге долбоордун милдеттерин жана иш-чараларын талкуулашты. Чийимташтардагы окуялар тууралуу демсөөлөт (анимация) иштеп чыгуу: Айгине МИБ жана «Тентек» бирикмесинин жумуш топтору чийимташтарда чагылдырылган кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле тоо эчки, бугулардын жана алардын мүйүздөрү сүрөттөрүнүн маданий маанисин ачуу боюнча демсөөлөт…
Year: 2023
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Бейзаттык маданий мурас боюнча жаштар форуму: 5 -сентябрда Корей улуттук маданий мурас университетинде (Поын шаары) бейзаттык маданий мурас боюнча жаштар форуму болуп өттү. Бейзаттык маданий мурас тармагында иштеген жаштардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана мурастарды коргоо менен жайылтуу боюнча өз аймактарындагы жаштардын иш-аракеттери тууралуу айтып беришти. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын маданият адиси Камила Кенжетаева Кыргыз Республикасынын жаштарынан Кыргызстан чөйрөсүндөгү долбоорлор, анын ичинде Айгине маданий борборунун долбоорлору – Ыйык географияны документтештирүү Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас элементтеринин улуттук тизме боюнча санариптик маалымат базасын түзүү тууралуу айтып берди. Кыргыздын салттуу түш…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Иш жолугуулар: Айгине Түштүк Кореяда: МИБ Айгине долбоорунун координатору Айза Абдырахманова кыргыз делегациясынын курамында Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк маданиятын жана туризм индустриясын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Кыргызстандын делегациясынын Түштүк Кореяга болгон жумушчу сапарына катышууда. Долбоорду Кореянын Маданият жана туризм институту КР Маданият министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда. 28-августтан бери Кыргызстандын делегациясы Кореянын мамлекеттик музейлеринде, кол өнөрчүлүк жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча билим берүү жана илимий борборлорун кыдырып жүрөт. Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында делегациянын башчысы, Кыргыз Республикасынын Маданият министринин орун басары 1-сентябрдан 3-сентябрга чейин өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар форумунун…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Чийимташтар боюнча окуялар тууралуу анимациялык видеороликтерди иштеп чыгуу: Айгине МИБ жана «Тентек» бирикмесинин жумуш топтору чийимташтарда чагылдырылган кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле тоо эчки, бугулардын жана алардын мүйүздөрү сүрөттөрүнүн маданий маанисин ачуу боюнча анимациялык роликтерди биргелешип иштеп чыгууну улантууда. Айгине МИБ тобу тарабынан даярдалган концепциясы жана сценарийинин негизинде Тентек тобу сюжеттик тактасын түзүштү. Долбоор Бүткүл дүйнөлүк жергиликтүү илим тармагы (WISN) менен биргеликте ишке ашырылууда. “Заманбап технологиялар менен маданий мурастарды тосуп алуу” долбоорунун жыйынтыктарынын бет ачар: Солтек долбоорунун тобу “Заманбап технологиялар менен маданий мурастарды тосуп алуу” долбоорун ишке ашыруунун акыркы баскычта.…
