Арча Мазарды калыбына келтирүү жана коргоо иш чаралары: Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Арча-Мазар ыйык жерин калыбына келтирүү жана коргоо боюнча иш-чараларды мыйзамдаштыруунун алкагында демилгелүү топ тарабынан Тоң районунун акимине кайрылуу каты Мазардын керектүү реставрация жана коопсуздук иштерин жүргүзүүгө уруксаты менее даярдалды. Кыргызстандагы климаттын өзгөрүлүшү: жалпы байкоолор жана бейзаттык маданий мурас үчүн пайда болгон кыйынчылыктар: Тогуздун айынын 18-де Ирандын Исфахан шаарында өтүп жаткан маданий мурас боюнча адистердин жыйналышында Айгиненин өкүлдөрү аба-ырайынын өзгөрүлүшү маданий мураска тийгизген таасири, өзгөчө кыйынчылыктар тууралуу аралыктан баяндама кылышты. Жыйналыш Иранда жайгашкан ЮНЕСКОнун 2-чи даражадагы Борбору Түштүк…
Year: 2023
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Коңур үн” боюнча изилдөө: “Айгине” маданий изилдөө борборунун жамааты “Коңур үн” демилгелүү тобу менен биргеликте “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү киргизүү” долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоордун усталары жана адистери Рысбек Жунушов менен Марат Берикбаев кыргыздын нукура “конур” үнүн сактаган комуз жана кыл кыяктарды жасай башташты. Ошондой эле долбоордун алкагында “конур үн” боюнча изилдөө иштерин долбоордун демилгечиси, оркестр боюнча адис Чолпон Турумбаева жүргүзүүдө. Иш жолуугулар: 2023-жылдын 11-октябрында Айгине МИБ өрттөлгөн Арча-Мазардын жанына боз үй тигип баштаган Тоң районунун Калкагар айылынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө курулуш бөлүк-бөлүк болуп, убакыттын…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Талаа сапары: 2023-жылдын 6-октябрында Айгине МИБ тобу Тоң районунун аймагында жайгашкан, Айгине түзгөн Кыргызстандагы касиеттүү жерлердин тизмесине кирген Арча Мазар аттуу жайга сапар алышты. Талаа сапары жаратылыштын жана мазар басуу маданиятынын сактоочуларынын өтүнүчү менен орун алган. Табигый жана маданий мурасты сактап жашаган кишилер тынчсыздануу менен Борборубузга кайрылышкан. Себеби, табигый касиеттүү жайларга, атап айтканда, Арча-Мазарга ырайымсыз мамиле жасалып, жаратылыш талкаланып жатканында. Жалгыз Арча таш тектирлердин арасында өсүп чыккан. Бир топ убакытта Дарак таштардын арасынан суурулуп, өсүп, табияттын күчтүү, бийик, кооз көрүнүшүнө айланган. Дал ушул күчтүү, 70-100 жүз жылга жакын өмүрү бар…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Ыйык жерлер тууралуу мультфильмдерди көрсөтүү: 23-сентябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда Айгине МИБ жамааты Санжарбек Данияров атындагы фонд менен биргеликте өлкөнүн эки ыйык жери тууралуу уламыштардын негизинде тартылган мультфильмдерди көрсөтүштү. Көрсөтүү Бишкекке С.Данияров атындагы фонддун чакыруусу менен келген Ат-Башы орто мектебинин окуучуларына, ошондой эле Бишкек шаарындагы мектептердин окуучуларына жана «Сейтек» борборунун окуучуларына уюштурулду. Көрсөтүлгөндөн кийин мультфильмдердин сюжеттери жана каармандары тууралуу кызуу талкуу жүрдү. Мультфильмдер Кыргызстандагы эки ыйык жердин – Ош облусунун Кулун-Ата жана Талас облусунун Ажыдаар-Таштын жаралышы тууралуу баяндайт. Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорунун жыйынтыктарынын бет ачары: Солтек…
