Бүгүн, 10-ноябрда, МИБ Айгиненин тобу Азия-Тынч деңиз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борбордун (IRCI) өнөктөшү катары “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу иш-чараны өткөрдү. Иш-чаранын максаты IRCI маалымат базасы үчүн бейзат маданий мурас боюнча изилдөө булактарын чогултуу боюнча эки жылдык долбоордун жыйынтыгын чыгаруу жана талдоо болгон. Иш чарага долбоордун экинчи айлампасы маалымат базасы үчүн изилдөө материалдарын чогултууга жана сүрөттөмөгө катышкан улуттук өнөктөштөр катышты. Иш-чаранын катышуучулары менен IRCI-нын башкы директору Ватару Ивамото видео кайрылуу аркылуу саламдашып, жылуу тилектерин жолдоду. Долбоордун…
Month: November 2022
«Дайым сулуу бул дуйнө» сынагынын тандоо туру
Бүгүн № 5 балдар мектебинин концерттик залында Комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Эн-Белги комуз үйрөнүү ыкмасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата, көп кырдуу чыгармачыл дүйнөсүнө арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынактын тандоо туру болуп өттү. Экинчи тур 14-ноябрда өтөт.
