Жалпы маалымат Комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Эн-Белги комуз үйрөнүү ыкмасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата, көп кырдуу чыгармачыл дүйнөсүнө арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынактардын жобосу. Бул сынактар кыргыз салттык, аспаптык музыкасын, комузчулук, күүчүлүк, аткаруучулук өнөрлөрүн өнүктүрүү максатын көздөө менен бирге, Н.Абдрахмановдун чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү, чыгармаларын сактоо жана жалпы жайылтуу болуп саналат. Н.Абдрахмановдун көп кырлуу чыгармачылык дүйнөсүн эл алдында адискөйлүк деңгээлде алып чыга ала турган, чыгармаларын чебер аткара алган мыкты күүчүлөрдү, аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу. Бул сынакка салттуу музыка искусствосунун…
