Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2022
      |
      2022
      |
      Page 3

      Year: 2022

      Чийимташтарды изилдөө боюнча иш чарасынын алкагында талаа изилдөөлөрү

      August 5, 2022by admin
      Categories : Blog

      Бүгүн, 2-августта студенттердин катышуусунда “Ак-Булуң чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан)” долбоорунун иш чарасынын  алкагында талаа изилдөөлөрү жыйынтыкталды. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Археологдун, тарых илимдеринин кандидаты, . Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу Солтобаев Орозбек Азекович жетекчилиги менен бул аймактан табылган балбалдарды, чийимташтарды  эстампаж, таштарды тактоо жана номерлөө иштери жүргүзүлдү.

      Окуу

      Чийимташтарды изилдөө: алгачкы жыйналыш

      August 5, 2022by admin
      Categories : Blog

      Бүгүн, 31-июлда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Ак-Булуң чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан)” долбоорунун алкагында студенттердин катышуусунда биринчи таанышуу иш чарасыболуп өттү. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Иш чаранын алкагында археолог, тарых илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусуСолтобаев Орозбек Азекович чийимташтарды документтештирүү процессине токтолуп, ошондой эле Ак-Булуң чийимташтары боюнча алгачкы таасирлери менен бөлүштү. Белгилүү археолог чийимташтар бар жерде Бабаташ – балбалдар жана коргондор  болушу керек экендигине көңүл бурду. КР Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошов окуучуларга тарыхый эстеликтердин түрлөрү жана тарыхый жерлерди республикалык жана жергиликтүү маанидеги…

      Окуу

      Маданий ресурстарды башкаруу үчүн санариптик маалымат системасын түзүү

      July 19, 2022by admin
      Categories : Blog

      18-июлда МИБ Айгиненин тобу Кореядан келген Азия маданият борборунун (АСС) өкүлдөрү менен жолугушту. ACC борбору Кореянын Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын Маданият министрлиги менен биргеликте маданий ресурстарды башкаруу үчүн санариптик маалымат системасын түзүү долбоорун баштоодо. Учурда Кыргызстандагы үч ири мамлекеттик музейдин катышуусунда керектүү маалыматтарды чогултуу иштери жүрүп жатат. Жакын арада маданият тармагында иштеген бейөкмөт уюмдар боюнча иш баштоо пландалууда. Жолугушууда МИБ Айгине менен Азия маданият борборунун ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон шарттары жана жагдайлары талкууланды.  

      Окуу

      Даярдоо жана байкоо саякаты

      July 6, 2022by admin
      Categories : Blog

      1-3-июлда Ак-Булуң чийимташтар менен байланышкан салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң чийим таштарга адисттик топтун биринчи даярдоо жана байкоо саякаты болуп өттү. Адисттик  топтун курамына археолог Ороз Солтонбаев, Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошев жана салттуу билимдер боюнча адис, МИБ Айгиненин эксперти Жумагазы Садыр уулу, ошондой эле долбоордун координаторлору кирди. Долбоордун адистери чалгындоо сапарынан кийин археологиялык сметаны түзүшөт, анда Ак-Булуң чийимташтарына  түзүү боюнча бардык зарыл чаралар чагылдырылат. Ошондой эле долбоорго катыша турган студенттер үчүн окуу материалдары даярдалат. Долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.

      Окуу

      Posts navigation

      1 2 3 4 … 6
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча