2021-жылдын 5-ноябрында МИБ Айгине командасы ЮНЕСКОнун Конвенциясына аккредиттелген БӨУлардын географиялык жактан тең салмактуу өкүлчүлүгү боюнча жумушчу топтун пландаштырылган отурумуна катышты. Бул топтун максаты – Форумда материалдык эмес мурас боюнча бейөкмөт уюмдардын тең салмактуу өкүлчүлүгүнө көмөк көрсөтүү. Отурумдун жүрүшүндө 13-18-декабрга чейин Франциянын Париж шаарында өтө турган ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 16-сессиясында бейөкмөт уюмдар форумунун мүчөлөрү үчүн топтун расмий презентациясын уюштуруу маселелери талкууланды. Бул презентациянын жүрүшүндө аталган жумушчу топтун төрагалыгына МИБ Айгине талапкерлиги көрсөтүлөт. МИБ Айгине, 2003-жылы ЮНЕСКОнун Конвенциясында аккредиттелген бейөкмөт уюм катары, 2018-жылдан бери материалдык эмес…
Day: November 8, 2021
Консультациялык жолугушуулар
5-октябрда МИБ Айгине тобу Лондон университетинин антропология бөлүмүнүн профессору Рут Мэйс менен онлайн консультациялык жолугушуу өткөрдү. Профессор Рут Мэйс жана анын тобу Кыргызстанда “Демография жана гендердик бир жактуу басмырлоочу маданий практиканын экологиясы – Кыргызстандагы мажбурлап никелердин жүрүм-турумдук экологиясы” деген темада изилдөө жүргүзүүнү пландаштырууда. МИБ Айгине тобу мажбурлап никеге туруунун абалы, өлкөдөгү талаа изилдөөлөрүн уюштуруу боюнча сунуштары, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы жергиликтүү өнөктөштөрдүн ролу тууралуу өз көз караштары менен бөлүштү.
