Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2021
      |
      November

      Month: November 2021

      Азия-Тынч деңиз аймагында бейзат маданий мурастын маалымат булагын түзүүгө салым

      November 26, 2021by admin
      Categories : Blog

      25-ноябрда МИБ Айгиненин  тобу  Азия-Тынч деңиз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борбору (IRCI) аймактык өнөктөшү катары “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоордун алкагында семинар өткөрдү. Семинардын катышуучуларын IRCIнин башкы директору Ватару Ивамото мырза тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мүмкүн өнөктөштөр IRCI Борбору – ЮНЕСКОнун 2-категория борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, борбордун учурдагы маалымат базасын өнүктүрүү пландары менен таанышты. Суроо-жооп сессиясында IRCI презентациясынан кийин семинардын катышуучулары бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө  маалыматтар базасын өнүктүрүүгө байланышкан стратегиялык маселелерди талкуулашты. Япониялык өнөктөштөр менен болгон…

      Окуу

      Азия-Тынч дениз аймагындагы бейзат маданий мурас боюнча маалымат булагын түзүү

      November 22, 2021by admin
      Categories : Blog

      2021-жылдын 25-ноябрында бейзат маданий мурастар боюнча маалымат булагын түзүү боюнча семинар өткөрүлөт. Семинар Азия-Тынч дениз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борборунун (IRCI) аймактык өнөктөшү катары, “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоордун алкагында МИБ Айгине тарабынан өткөрүлүүдө. Аймактык долбоор IRCI жана анын өнөктөштөрү тарабынан Азия-Тынч дениз аймагындагы бейзат маданий мурастын корунушторун изилдөө үчүн маалымат булагын түзүүго жасалган кадамдардын бири болуп саналат. Семинардын алкагында аймакта болгон маалымат булагы жана ага жаны макала, китептерди киргизүү тартиби жөнүндө кеп болот. Семинардын катышуучуларынын курамы жогорудагы максатка…

      Окуу

      Кайталангыс Элмирбектин чыгармачылыгына арналган сынак

      November 18, 2021by admin
      Categories : Blog

      17-ноябрда МИБ Айгинин кеңсесинде 2020-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан заманыбыздын Залкары, акын, ырчы, устат Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналган сынакты уюштуруу боюнча жолугушуу өттү. Демилгени көтөргөң Айгине тобуна Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университети жана жакын досторунун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Ч.Айтматов жана Р.Абдыкадыров сыйлыктарынын лауреаты Сыймык Бейшекеев кошулуп, ой бөлүшү орун алды. Бул демилгенин кыска жана узак мөөнөттү тариздери, сынактын мөөнөтү, шарттары жана байге каражаттары талкууга алынды.

      Окуу

      МИБ Айгине ЮНЕСКОдогу материалдык эмес мурас боюнча бейөкмөт уюмдардын форумунда жумушчу топту жетектөө сунушталды

      November 8, 2021by admin
      Categories : Blog

      2021-жылдын 5-ноябрында МИБ Айгине  командасы ЮНЕСКОнун Конвенциясына аккредиттелген БӨУлардын географиялык жактан тең салмактуу өкүлчүлүгү боюнча жумушчу топтун пландаштырылган отурумуна катышты. Бул топтун максаты – Форумда материалдык эмес мурас боюнча бейөкмөт уюмдардын тең салмактуу өкүлчүлүгүнө көмөк көрсөтүү. Отурумдун жүрүшүндө 13-18-декабрга чейин Франциянын Париж шаарында өтө турган ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 16-сессиясында бейөкмөт уюмдар форумунун мүчөлөрү үчүн топтун расмий презентациясын уюштуруу маселелери талкууланды. Бул презентациянын жүрүшүндө аталган жумушчу топтун төрагалыгына МИБ Айгине талапкерлиги көрсөтүлөт. МИБ Айгине, 2003-жылы ЮНЕСКОнун Конвенциясында аккредиттелген бейөкмөт уюм катары, 2018-жылдан бери материалдык эмес…

      Окуу

      Posts navigation

      1 2
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча