Айгине МИБнун өкүлү Чолпонай У-Г жана “Арча” коомдук фондунун адиси; Кундуз Адылбек, Жааматтык Медиа студиясынын түз эфиринде маек курушту. Курулган маек Айгине МИБнун “Кулун-Ата коругунун биоартүрдүүлүктү жана жаратылышты сактоо үчүн салттык билим жана илимий ыкмаларды бириктирүү жана жергиликтүү адистер менен калктын билимин жогорулатуу” долбоорунун тегерегинде өттү. Аталган долбоор Дүйнөлүк экоголиялык фондунун (ГЭФ) чакан гранттар программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Коруктун тегерегинде жашаган жергиликтүү элдин салттуу усулдарды колдонуп жаратылышты коргогону жана билим дэңгеелин жогорулатып, бүгүнкү күндөгү жаратылышка байланыштуу көйгөйлүү маселерди билүүгө жана аларды чечүүгө умтулаары сөз кылынды. Долбоордун алкагында корукка…
Day: February 20, 2021
Биригуу аракеттери: коррупция тегерегинде
18-февралда режиссер Эрнис Абдыжапаров МИБ Айгиненин кеңсесинде коррупция деген эмне жана аны кандай кыргызча жойсо болот деген оюн ортого салды. Билдирүүдө кыргыздар жашаган мамлекеттик системалар жөнүндө кыскача тарыхый сереп келтирилген жана кыргыздардын түпкү ченемдер жана баалуулуктар тутумунан чыгып кетүү коррупциялык схемаларды жараткан деген божомол айтылган. Ошол эле учурда, “Манас” эпосунан мисал келтирип, режиссер кыргыздардын өзүлөрүнүн коомчулугунда кандайча коррупция пайда болгонун көрсөттү. Баяндамачы, кылмыштуу кырдаалды коррупциялык, бирок гумандуураак чечүүнүн жолдорунун бири катары, айып пулдарды жана алымдарды төлөө менен сотко чейинки келишимдердин жолун сунуштады. Ал коррупциянын көйгөйлөрү жашоо моделинин эсебинен чечиле турган…
