Айгине МИБнун өкүлү Чолпонай У-Г жана “Арча” коомдук фондунун адиси; Кундуз Адылбек, Жааматтык Медиа студиясынын түз эфиринде маек курушту. Курулган маек Айгине МИБнун “Кулун-Ата коругунун биоартүрдүүлүктү жана жаратылышты сактоо үчүн салттык билим жана илимий ыкмаларды бириктирүү жана жергиликтүү адистер менен калктын билимин жогорулатуу” долбоорунун тегерегинде өттү. Аталган долбоор Дүйнөлүк экоголиялык фондунун (ГЭФ) чакан гранттар программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Коруктун тегерегинде жашаган жергиликтүү элдин салттуу усулдарды колдонуп жаратылышты коргогону жана билим дэңгеелин жогорулатып, бүгүнкү күндөгү жаратылышка байланыштуу көйгөйлүү маселерди билүүгө жана аларды чечүүгө умтулаары сөз кылынды. Долбоордун алкагында корукка…
Month: February 2021
Биригуу аракеттери: коррупция тегерегинде
18-февралда режиссер Эрнис Абдыжапаров МИБ Айгиненин кеңсесинде коррупция деген эмне жана аны кандай кыргызча жойсо болот деген оюн ортого салды. Билдирүүдө кыргыздар жашаган мамлекеттик системалар жөнүндө кыскача тарыхый сереп келтирилген жана кыргыздардын түпкү ченемдер жана баалуулуктар тутумунан чыгып кетүү коррупциялык схемаларды жараткан деген божомол айтылган. Ошол эле учурда, “Манас” эпосунан мисал келтирип, режиссер кыргыздардын өзүлөрүнүн коомчулугунда кандайча коррупция пайда болгонун көрсөттү. Баяндамачы, кылмыштуу кырдаалды коррупциялык, бирок гумандуураак чечүүнүн жолдорунун бири катары, айып пулдарды жана алымдарды төлөө менен сотко чейинки келишимдердин жолун сунуштады. Ал коррупциянын көйгөйлөрү жашоо моделинин эсебинен чечиле турган…
Биринчи Жарлыкты талкуулоо
Жалган курандын 5, МИБ Айгиненин кеңсесинде Биринчи Жарлык талкуулоо курулду .Талкуу Гүлзат Баялиева менен Гүлнара Айтпаеванын демилгеси менен өттү.Талкуунун максаты – жаңы өкмөттүн биринчи Жарлыгынын айланасындагы пикирлердин горизонтун көрүү.Жолугушууга катышкандар ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү. Талкуу учурунда карама-каршылыктар аныкталды: адам укуктары улуттун укуктарына, салттуу баалуулуктар радикалдык ислам идеяларына жана либералдык баалуулуктарга каршылык. Жалпысынан, топ консенсус издөөгө жана ири социалдык топтордун ортосунда түзүлгөн социалдык келишимдин үстүнөн иштөөгө умтулган. Ошол эле учурда, айрым катышуучулар каада-салттар, укуктар, адеп-ахлак темасында социалдык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө терең күмөн санашты. Жолугушуунун подкастын бул жерден угса болот: https://www.youtube.com/watch?v=vq-ijOizIDs&feature=youtu.be&fbclid=IwAR0ZiOdfRC3eiOy1kNBMvS0JRBvQw6fRQUiJvT96sOIm5HCSWFl0nAhbAcM
Өлкөнүн онүүгүсү үчүн биригуу аракеттери
Жума күнү, жалган курандын 5, Президенттин Биринчи Жарлыгы «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» маек курулду. Талкууга коюлган суроолор: Президенттин Биринчи Жарлыгынын керектүүлүгү, пайдасы, зыяны, кемчилиги? Катышучуларга коюлган талап: башка ойдогу адамдарды түшүнүүгө ниет коюп, аракет кылуу. Жыйналыштын көздөгөн максаты: ар-башка ойдогу адамдар бир-бирин угушуп, талкууланган маселе боюнча биргелешип орток көз карашты иштеп чыгуу. Катышуучулар: 1. Аймен Касенов, саясатчы 2. Гулзат Баялиева, антрополог, Тюбинген университети, докторант 3. Гульнара Айтпаева, Айгине МИБ 4. Кадыр Кошалиев, Кыргыз жолу кыймылы, коомдук ишмер 5. Кеңешбек Айтикеев, коомдук ишмер 6. Махабат Садырбек,…
