2021-жылдын 9 жана 10-апрелинде, МИБ Айгиненин өкүлү Чолпонай У-Г, ЮНЕСКОнун колдоосу астында Азия-Тынч океанындагы материалдык эмес маданий мурас боюнча Эл аралык маалымат жана тармактык борбору уюштурган Тартуу оюндары жана ырым-жырымдары боюнча эл аралык симпозиумга катышкан). Симпозиум Вьетнам, Камбоджа, Кыргызстан, Филиппин жана Түштүк Кореядан келген изилдөөчүлөрдүн, эксперттердин жана практиктердин катышуусунда онлайн режиминде өттү. Симпозиум ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастардын репрезентативдик тизмесине салттуу оюн жана аркан тартыш практикасы боюнча Азия-Тынч океан аймагынын беш өлкөсүнүн биргелешкен номинациясынын киргизилгендигинин 5 жылдыгына карата уюштурулган. Бул симпозиумдун максаты – элементтин баалуулугун изилдөө жана түшүнүү жана анын…
Year: 2021
Айгине МИБ жана Индонезиянын Мурас Шаарларынын Желеси менен кызматташуусу
Айгине МИБ жетекчиси Гүлнара Айтпаева Чын Курандын 29-30-да Банда Ачех шаарында орун алган Индонезиянын Мурас Шаарларынын Желесинин 5-чи даярдоо жыйналышына онлайн таризинде катышты. Ал “Кыргызстандын табигый жана маданий мурастарын документтештирүү жана коргоо. ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын ийгиликтүү сунуштары” аттуу баяндамасында бейзат маданий мурастарды (БММ) тизмектөө жана сактоо боюнча Айгине уюмунун Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы менен кызматташуу тажрыйбасын талдап кетти. Улуу үчилтик “Манас, Семетей. Сейтек” мисалында бир нече жылдык иштер ЮНЕСКОго манасчылар менен биргеликте сунуш даярдоо менен жыйынтыкталганы белгиленди. Ийгиликтүү сунуштардын БММ абалына таасири жөнүндө да сөз болду. Улуу Баяндын…
"Саймалуу таштардын жашыруун күчтөрү" долбоорунун алкагындагы биринчи багыттагы жолугушуу
24-мартта МИБ Айгиненин кеңсесинде ” Саймалуу таштардын жашыруун күчтөрү” долбоорунун алкагыгда салттуу билим алып жүрүчүлөр менен жана чыгармачыл жаштардын өкүлдөрү менен биринчи багыттагы жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаттары команда менен таанышуу, долбоордун жалпы максаттары жана милдеттери менен таанышуу, ошондой эле бардык этаптарын талкуулоо жана долбоорду ишке ашыруунун биргелешкен мамилесин иштеп чыгуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи жумушчу топ түзүлүп, Ысык-Көл облусуна биринчи жолу жер-жерлерге баруунун графиги макулдашылды.
Акыркы басылманын даярдалышы
“Салттуу тажрыйбаларды жана илимий методдорду интеграциялоо, жергиликтүү адистердин потенциалын күчөтүү жана тургундардын биологиялык ар түрдүүлүктү жана экологияны сактоо боюнча маалымдуулугун жогорулатуу(Кулун-Ата коругу, Көндүк айылы, Ош облусу) ” долбоорунун командасы Алай Куу өрөөнү жана элдик экологиянын методдору жөнүндө китеп чыгарууга даярдыктарды аяктоодо. Китеп Кулун-Ата коругунун Алай-Куу-корукчулары жана Кундук айылындагы орто мектептин директору тарабынан чогултулган талаа материалдарынын негизинде түзүлгөн. Маалымат чогултуу долбоордун адистер менен кеңешип жүргүзүлдү. Материалды долбоордун башкы эксперти Самаков Айбек текшерип, андан кийин маалыматтар кагазга түшүрүлүп, ырааттка келтирилди. Кошумча булак катары китепте башка өлкөлөрдүн жана маданияттардын элдик табиятты сактоо үлгүлөрү…
