5-октябрда МИБ Айгине тобу Лондон университетинин антропология бөлүмүнүн профессору Рут Мэйс менен онлайн консультациялык жолугушуу өткөрдү. Профессор Рут Мэйс жана анын тобу Кыргызстанда “Демография жана гендердик бир жактуу басмырлоочу маданий практиканын экологиясы – Кыргызстандагы мажбурлап никелердин жүрүм-турумдук экологиясы” деген темада изилдөө жүргүзүүнү пландаштырууда. МИБ Айгине тобу мажбурлап никеге туруунун абалы, өлкөдөгү талаа изилдөөлөрүн уюштуруу боюнча сунуштары, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы жергиликтүү өнөктөштөрдүн ролу тууралуу өз көз караштары менен бөлүштү.
Year: 2021
Касиеттүү жайларды сактоо боюнча Колдонмо - орто мектептерге
Касиеттүү жерлер кыргыздардын байыртан бери жаратылышты таанып билүү жана сактоо жолу катары сакталып келе жатышат. Жаратылыш менен бирге ата-бабалардын түпкү маданияты ал жерлерде сакталат. Бүгүн МИБ Айгине Көндүк мамлекеттик орто мектепке “Касиетүү жерлерди жана зыярат ырым-жырымдар коргоо боюнча Улуттук Колдонмо” китептерди белекке берди. Китеп Мекен жана Жаратылыш таануу сабактарында колдонулат.
Саймалуу таштар айланасында ой жүгүртүү
25-сентябрда МИБ Айгине кеңсесинде түштүктүн саймалуу таштардын -Ош облусундагы Мурдаш-Башы жана Терген-Ташка жана Жалал-Абад облусундагы Саймалуу-Ташка болгон саякаттардын кароо презентациясы болуп өттү. Жолугушуунун максаты – көргөн жана документтештирилген саймалуу таштар боюнча талкуулоо жана ой жүгүртүү. Эксперттер жана долбоордун кызматкерлери ошондой эле долбоорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты. Жолугушууга долбоордун кызматкерлери, салттуу билим алып жүрүчүлөр жана коомдук ишмерлер катышты. Жолугушуу WISN колдогон “Саймалуу таштардын жашыруун күчтөрү” долбоорунун алкагында өттү.
Сары Жаз өрөөнүнүн саймалуу таштар
9-10-августта МИБ Айгине тобу Сары Жаз өрөөнүнүн эки капчыгайында саймалуу таштарды каттоо максатында талаа изилдөө иштерин жүргүзүштү: Көл жана Эңилчек. Биринчи өрөөндө саймалуу таштарды эки галереясы же кластери жана чиймеси бар көптөгөн жалгыз таштар табылган. Бирок бул жердеги бардык саймалуу таштар убакыттын жана табигый факторлордун таасири менен жок кылынган. Заманбап адам байыркы адамдардын маданиятын ээрчип, чыгармачылык үчүн эң чоң жана эң ылайыктуу таштарга өзүнүн изин калтырат. Бирок, илгеркилерден айырмаланып, замандаштар, албетте, алардын атын жана башка жеке маалыматтарды гана алгысы келет. Бул заманбап маалымат катмары байыркы чиймелердин үстүнө коюлган жана ансыз…
