Бул китепте “Айгине” маданий-изилдөө борборунун акыркы эки жыл ичинде Жалал-Абад аймагында жүргүзгөн изилдөөлөрү орун алган. Китептин биринчи бөлүмүндө аталган өрөөндөгү ыйык жерлердин сүрөттөмөсү, оозеки тарыхы (эгерде бар болсо) берилген. Мындан тышкары мазарга байланыштуу ар түрдүү мазмундагы (жакшылык күтүү, бала, ден соолук, мазар сырлары) окуялар, кыргызчылык, жер менен өнөр байланышы, адам касиети, эл-жер киндиктештиги, жылдыздар, жаратылыш …
Day: March 7, 2014
«Мурас Таануу», 2008 ж., 4 класс мектеп окуучулары үчүн окуу куралы
Урматтуу балдар, силер «Мурас Таануу» окуу куралын колуңарга алып отурасыңар. Кээ бирөөңор мурас деген эмне экенини билесиңер, кээ бирөөңөр, мүмкүн биле элексиңер. Мисалы, «Манас» дастаны тууралы баарыңар угуп жүрөсүңөр. «Манас» – бул ата-бабаларыбыздан калган оозеки мурас. Мурастын ар кандай түрлөрү болотю силер «Мурас Таануу» окуу куралына чейин башка булактардан өз жериңер, ата журтуңар, табияттын ар …
«Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде», 1 – басылыш – 2007 ж., 2- басылыш – 2010 ж.
Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбаснын негизинде (кыргыз жана англис тилинде) Бул китеп биринчи жолу 2007 жылы жарык көргөн, бирок элдин суранычы менен 2010 жылы экинчи басылышы жарыккы чыкты. Мазар басуу кыргыздардын кылым карыткан салттарынын бири. Эзелтеден пайда болуп, ар кандай кылымдардын сынагынан өтүп, бүгүнкү күндө өз маанисин жоготпой келе жатат. Бул китепте Айгине изилдөө …
«Касиеттүү Нылды-Ата», 2006 г.
Талас областында жайгашкан Нылды Ата мазарлар бирикмеси тууралуу маалыматтар жыйналган: Нылды Ата бирикмесине кирген мазарлардын аттары, сүрөттөмөлөрү, уламыштары, сүрөттөрү, мазардын шайыгынын өмүрү, тажрыйбасы, мазарда аткарылган ырымдар, зыяратчылардын маеги, мазарга каттаган зыяратчылар боюнча сандык көрсөткүчтөр. Бул маалыматтардын бардыгы тең 2005-жылы Таластагы ыйык жерлерди изилдөө боюнча «Айгине» изилдөө борбору ишке ашырган долбоордун жыйнтыгы катары китепке киргизилди. Мазмуну …
