Бул китепте «Айгине» маданий-изилдөө борборунун 2010-жыл ичинде Ош аймагында жүргүзгөн илилдөөлөрү орун алганю Китептин биринчи бөлүмүндө аталган аймактагы ыйык жерлердин тизмеси, сүрөттөмөсү, оозуки тарыхы (эгерде бар болсо) берилген. Калган бөлүмдөрдө ыйык жерлерге байланыштуу ар түрдүү мазмундагы (жакшылык күтүү, бала, ден-соолук, мазар сырлары ж.б.) окуялар, кыргызчылык, жер менен өнө байланышы жаатындагы маалыматтар камтылган. Китептин экичи бөлүгүн …
Year: 2014
«Эн белги менен комуз үйрөнүү: Нурак Абдрахмановдун өздүк комуз үйрөтүү ыкмасы», 2010 ж.
Бул китеп кыргыз музыка дүйнөсүнүн бирден-бир маанилүү тармагы катары эсептелген комузчулук өнөрүн үйрөтүүгө багыттылган окуу курал. Мында залкар комузчу Нурак Абдырахмановдун комуз күүлөрүн кагаз бетине түшүрүү жана улуу өнөрдү үйрөтүү боюнча иштеп чыккан «Эн белги» ыкмасы берилген. Ошол ыкма аркылуу китепке киргизилген 27 күүнү өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле ал күүлөрдү комузчунун жана анын шакирттеринин …
«Жалал-Абаддагы ыйык жерлер жана эл даанышмандыгы», 2010 ж.
Бул китепте “Айгине” маданий-изилдөө борборунун акыркы эки жыл ичинде Жалал-Абад аймагында жүргүзгөн изилдөөлөрү орун алган. Китептин биринчи бөлүмүндө аталган өрөөндөгү ыйык жерлердин сүрөттөмөсү, оозеки тарыхы (эгерде бар болсо) берилген. Мындан тышкары мазарга байланыштуу ар түрдүү мазмундагы (жакшылык күтүү, бала, ден соолук, мазар сырлары) окуялар, кыргызчылык, жер менен өнөр байланышы, адам касиети, эл-жер киндиктештиги, жылдыздар, жаратылыш …
«Мурас Таануу», 2008 ж., 4 класс мектеп окуучулары үчүн окуу куралы
Урматтуу балдар, силер «Мурас Таануу» окуу куралын колуңарга алып отурасыңар. Кээ бирөөңор мурас деген эмне экенини билесиңер, кээ бирөөңөр, мүмкүн биле элексиңер. Мисалы, «Манас» дастаны тууралы баарыңар угуп жүрөсүңөр. «Манас» – бул ата-бабаларыбыздан калган оозеки мурас. Мурастын ар кандай түрлөрү болотю силер «Мурас Таануу» окуу куралына чейин башка булактардан өз жериңер, ата журтуңар, табияттын ар …
