«Кыргызстандагы эл билими» веб-сайты тууралуу Айгине маданий-изилдөө борбору интернет окурмандарынын көңүлүнө Кыргызстандагы 2005-2009-жылдары жыйналган материалдарды тартуулайт. Мунун ичинде камтылган маалыматты биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдердин салттык акылмандыгы же салттык билими деп тааныйбыз. Сунушталган веб-сайт салттык акылмандуулукту сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү тууралуу долбоордун жыйынтыгы болуп саналат. Белгилүү бир аймактагы белгилүү бир элдин өмүр тагдырында тажрыйбаланып, атадан балага, муундан-муунга берилип келген турмуштук билгичтиктер элдик билим же акылмандуулук болуп саналат. Азырынча сайтта кыргыз элинин салттык билимдери берилген, бирок материалдарды топтоо иши дагы да жүргүзүлүүдө жана келечекте бул жерде башка элдердин дагы салттык…
