Маданият министрлиги жана ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссия менен жолугушуу: Бугу айынын 22синде Айгине маданий изилдөө борборунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен жолугушту. Жолугушууда Айгине тобу Кыргызстандагы бейзаттык маданий мурас боюнча түзүлүп жаткан санариптик маалымат булагынын мазмунун тааныштырып, аны министрликтин каттоосуна өткөрүү маселесин талкуулады. Аянтчанын расмий таанытмасы Кулжа айынын экинчи жарымында өтөт деп күтүлүүдө, андан соң бул маалымат булагындагы элементтердин тизмеси мамлекеттик деңгээлде бекитилет. Аянтча жети багыт боюнча кыргыз элинин…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Өзбекстандагы жолугушуулар жана кызматташтык иштери: Бугу айынын 14–15 күндөрү Айгине МИБ тобу Өзбекстанда бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрүп, Борбор Азиядагы чийимташтар боюнча бирдиктүү маалымат булагын түзүү багытында пикир алмашуулар жүрдү. 14-майда Ташкент шаарында Кыргызстандын бейзаттык мурасын сактоо тажрыйбасын талкуулаган жолугушуу өттү. Жолугушууда Айгине МИБ директору Гүлнара Айтпаева китептер жана көрмө маалыматтар аркылуу мурастарды сактоо тажрыйбасы менен бөлүшүп, анимациялык тасмалар таанытылды. Жыйынтыгында Өзбекстандын Маданият министрлигине караштуу Илимий институт менен кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду. Ошол эле күнү Айгине тобу Археология боюнча мамлекеттик борбордун директору жана кызматкерлери менен жолугуп, чийимиаштарды изилдөөдө археологиялык…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Талаа сапары: Бугу айынын 7-де Айгине тобу Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк Жар айылынан башталган иш сапарын аяктады. Максаты — буга чейин изилденбеген, Өзбекстан чек арасына жакын жайгашкан Араван районундагы өзгөчө чийимташтар топтомун кароо жана каттоо эле. Археолог Салтанат Алишер кызы менен биргеликте биз табылган сүрөттөрдү каттап чыктык. Бул сүрөттөр жакында кеңири баяндалып, салттык түшүндүрмөлөр менен чечмеленет. Айгине МИБ бул жер тууралуу маалыматтарды Борбор Азия чийимташтарынын маалымат булагына кошуу үчүн даярдап жатат. Бул маалымат булагы — аймактагы чийим таш өнөрү боюнча маалыматтарды бириктирүү, аны сактап калуу жана илимий-мәдени чөйрөгө…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Асыл Садыр уулу Жумагазы абанын жаркын элесине арнап, өзү төрөлгөн жана акыркы сапарга кеткен Ысык Көлдөгү Кызыл Туу айылынын мектеби менен биргеликте 5-11 класс окуучулар арасында дил баян сынагын баштадык. Ал сынакта окуучулар Жумагазы абанын өмүр жолун, ишмердүүлүгүн, кыргыз дүйнөсүнө кошкон салымын изилдеп, өй жүгүртүүлөрүн жазышат. Сынактын жыйынтыгы бугу айынын аягында чыгат. Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары тууралуу маалымат жыйноонун аякташы: Өткөн жумада Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары жөнүндө маалымат жыйноо иши соңуна чыкты. Аймактык изилдөөчүлөр Бурул Исмантаева жана Дөөлөт…
