Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      admin
      |
      admin
      |
      Page 5

      Author: admin

      МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп

      December 26, 2025by admin

      Айгине МИБ «Манас» айтуучулар менен жолугушуулардын жаңы катарын баштады: Айгине МИБ эпостун «Чоң Казат» аттуу кайгылуу бөлүмүнүн негизинде согуш жана тынчтык маселелерин талкуулоого арналган манасчылар менен жолугушуулардын жаңы катарын баштады. Бул демилге эпосту тереңирээк түшүнүүгө жана анын бүгүнкү коомго берген сабактарын кайра баалоого багытталган. Алгачкы жолугушуу Жетинин айынын 26-да чоң манасчы Дөөлөт Сыдыков менен өткөрүлдү. Манасчы «Чоң Казаттагы» негизги окуялар, адамдык тандоо, жамааттын жоопкерчилиги жана тынчтыкты сактоого байланышкан наркый сабактар тууралуу өз ойлорун бөлүштү. Чолпон Турумбаева «Коңур үн» демилгесин Бакуда тааныштырып келди: Жетинин айынын 20–21инде Баку шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп

      December 26, 2025by admin

      Бештин айынын 2-де Айгине МИБ кеңсесинде Айгине тобу менен ИЧКАП өкүлдөрү жолукту. Жолугушууда Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүккө байланышкан санарип булактын азыркы абалы каралды. Булак иштегенине карабай, сүрөттөрдү тактоо, жазмалардын бир нукта болушу, айрым айылдар боюнча маалыматтарды толуктоо жана колдонуучуларга ылайыктуу издөө жолдорун киргизүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле, изилдөөчүлөр талаа маалыматтарын чогултуу учурунда туш болгон көйгөйлөр жана кыйынчылыктар талкууланды. Бештин айынын 1-де УТРКдагы «Маек Төр» берүүсүндө Кыргызстандагы чийимташ мурасы кеңири талкууланды. Саймалуу-Таштагы таш бетине түшүрүлгөн белги-түшүнүктөрдүн байыркы даанышмандык дүйнөсүнө байланышкан мааниси айтылып, алардын элдик дастандык түшүнүктөр менен аралашып келгенин эксперттер белгилешти.…

      Окуу

      Иш-чара аяктады

      November 17, 2025by admin

      Жетинин айынын 10–14-күндөрүндө өткөн «Борбор Азиянын чийимташтарынын бирдиктүү санариптүү булагын түзүү аркылуу салттуу өнөрдү сактоо» аймактык жыйыны жыйынтыкталды. Жыйынга төрт өлкөдөн келген археологдор, эл таануучулар, жер таануучулар, чеберлер жана жергиликтүү демилгечилер катышып, чийимташтардын илимий, дүйнө таанымдык жана чыгармачылык маанисин терең талкуулашты. Биринчи күндө чийимташтардын азыркы маданияттар, салттар жана көрүнүштөр менен байланыштары ачылды. Катышуучулар ар тармактагы илимий ыкмаларды жана жергиликтүү элдин байыркы элестерди түшүндүрүүдөгү ордун талкуулашты. Экинчи күндө чийимташтар «жандуу билим булагы» катары каралып, топтор сүрөттөрдү түшүндүрмө (интерпретация) жана өз түшүндүгүн жүктөө (проекция) ыкмалары менен чечмелеп, аймактар боюнча билимди сактоо жана…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп

      November 17, 2025by admin

      Самаркан шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Жалпы жыйналышынын 43-отурумунун алкагында бир катар кошумча жолугушуулар өткөрүлүүдө. Алардын бири — Жибек Жолдорунун Жандуу мурасы Бирикмесинин Кеңеш берүүчү Бюросунун төртүнчү жолугушуусу. Бул иш-чара Түштүк Кореяда жайгашкан, ЮНЕСКОнун колдоосу астындагы Азия–Тынч океан аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалыматтык жана тармактык борборунун (ICHCAP) каржылык колдоосу жана Самаркан шаарындагы Борбор Азия боюнча Эл аралык изилдөө борборунун уюштуруусу менен өтүп жатат. Жолугушуунун негизги максаты — Бирикмеге кирген өлкөлөрдүн бейзаттык маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле бул багытта биргелешкен аракеттерди өнүктүрүү боюнча…

      Окуу

      Posts navigation

      1 … 4 5 6 … 64
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча