6-декабрда Айгине маданий-изилдөө тобунун жана өнөктөштөрүнүн Кыргыз Республикасындагы БУУ-Аялдар уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн жабылыш аземинин концепциясын талкуулоо болду. Концепция МИБ Айгине тарабынан сунушталган жана маданий мурастар жана аны алып жүрүүчүлөр зордук-зомбулукка каршы активдүү аракеттерге тартылышы керек деген ишенимге негизделген. БУУ-Аялдар уюмунун Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Улзийисурен Жамсранды кызыктырган негизги суроолордун бири: “салттуу” деп аталган топтордун жана айылдык жамааттардын арасында кандай риторика, механизмдер жана инструменттер эффективдүү боло алат.
Author: admin
Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган кароо-сынак
Төкмө акын, ырчы, обончу, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган жана анын чыгармачылыгын эл арасында кеңири даңазалоо, ошондой эле эл-аралык деңгээлге чыгаруу максатында өткөрүлүп жаткан кароо-сынактын жобосу. Кароо сынак 2021-жылдын 23-Декабрь айында, саат 09-00 до КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт. Сынакка 15 жаштан 35 жашка чейинки салттуу музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багытын алып жүрүүчүлөрү, тактап айтканда Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдаган жана ошондой эле заманбап ыкмада аткарам деген баардык өнөрпоздор жана музыкалык окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Мындан тышкары Элмирбек Иманалиевдин «Аруузатым» аттуу чыгармасын орус жана англис…
Азия-Тынч деңиз аймагында бейзат маданий мурастын маалымат булагын түзүүгө салым
25-ноябрда МИБ Айгиненин тобу Азия-Тынч деңиз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борбору (IRCI) аймактык өнөктөшү катары “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоордун алкагында семинар өткөрдү. Семинардын катышуучуларын IRCIнин башкы директору Ватару Ивамото мырза тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мүмкүн өнөктөштөр IRCI Борбору – ЮНЕСКОнун 2-категория борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, борбордун учурдагы маалымат базасын өнүктүрүү пландары менен таанышты. Суроо-жооп сессиясында IRCI презентациясынан кийин семинардын катышуучулары бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө маалыматтар базасын өнүктүрүүгө байланышкан стратегиялык маселелерди талкуулашты. Япониялык өнөктөштөр менен болгон…
Азия-Тынч дениз аймагындагы бейзат маданий мурас боюнча маалымат булагын түзүү
2021-жылдын 25-ноябрында бейзат маданий мурастар боюнча маалымат булагын түзүү боюнча семинар өткөрүлөт. Семинар Азия-Тынч дениз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борборунун (IRCI) аймактык өнөктөшү катары, “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоордун алкагында МИБ Айгине тарабынан өткөрүлүүдө. Аймактык долбоор IRCI жана анын өнөктөштөрү тарабынан Азия-Тынч дениз аймагындагы бейзат маданий мурастын корунушторун изилдөө үчүн маалымат булагын түзүүго жасалган кадамдардын бири болуп саналат. Семинардын алкагында аймакта болгон маалымат булагы жана ага жаны макала, китептерди киргизүү тартиби жөнүндө кеп болот. Семинардын катышуучуларынын курамы жогорудагы максатка…
