Изилдөө иштери: Учурда жаш изилдөөчү-кол өнөрчүлөрдүн демилгеси жана Айгине МИБдин колдоосу менен кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган салттуу аялдардын ат жабдыктарын (ээр токуму жана ага тиешелүү жабдуулар) изилдөө жана реконструкциялоо боюнча талаа жана архивдик-музей изилдөөлөрү башталды. Бул жумада Бурул Исмантаева жана Эрбол Кулманбетов изилдөө иштерин Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинен башташты. Ал жерде сакталган ат жабдыктардын көөнө түрлөрү менен жакындан таанышып, илгерки уз чеберлердин, усталардын эмгектерин көрүп, салттуу ээр чабуу, салттуу сайма жана күмүш иштетүү ыкмалары боюнча да маалымат топтошту. Долбоор Паванка фондунун каржылоосуу жана колдоосу менен ишке ашырылууда.…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп
Айгине МИБ тобу «Чөйрөгө чөмүлтчү көргөзмө: Борбор Азиянын чийимташтары» аттуу жаңы долбоорду ишке ашырууну баштап жатат. Бул демилге чийимташтарды бир эле учурда археологиялык мурас жана жашап турган маданий салт катары көрсөтүп, көрүүчүгө таасирдүү, сезимге жакын тажрыйба тартуулоого багытталган. Көргөзмөнүн баяндоонун өзөгү «Борбор Азия чийимташтары үчүн бирдиктүү санариптик булак түзүү аркылуу салттуу өнөрдү сактоо» долбоорунун алкагында жыйналган маалыматтарга таянат. Дал ошол маалыматтардын негизинде көргөзмөнүн баяннамасы түзүлүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштар — орток белгилер, көркөм багыттар жана маанилер аркылуу — бир бүтүн баянда ачылат. Долбоордун жүрүшүндө археологдор, этнографтар, коомчулуктун улуулары жана…
МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп
Маанилүү жумуш соңуна чыгып барат — Борбор Азиянын чийимташтары боюнча маалымат булагын түзүү иши аяктоодо. Бул жыйынтыктын артында айлар бою жүргүзүлгөн биргелешкен эмгек, талаа изилдөөлөрү, талкуулар, тактоолор жана өз ара ишеним турат. Натыйжада маалымат булагына аймак боюнча 84 чийимташ комплекси киргизилди: Казакстанда — 28; Өзбекстанда — 14; Тажикстанда — 4; Түркмөнстанда — 2; Кыргызстанда — 36. Маалымат булагын түзүүгө Айгиненин Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндөгү мурунку жана жаңы өнөктөштөр — археологдор, этнографтар, изилдөөчүлөр, жергиликтүү билим ээлери жана демилгелүү адамдар катышты. Бул ар түрдүү ыкмалар менен көз караштарды бириктирген жалпы максат —…
МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп
Өнөктөштөр менен жолугушуу: климаттын өзгөрүшү шартында суу жана салттуу билимдер: Бештин айынын 18-де Айгине МИБдин кеңсесинде «Association Organic Holding KG» юридикалык жактар ассоциациясынын өкүлдөрү жана Чынара Сейдахматова менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө аба-ырайынын өзгөрүшү шартында сууну пайдалануу жана бөлүштүрүү боюнча салттуу билимдерге байланыштуу маселелер талкууланып, кеңеш берилди. Айгине МИБ тобу аба-ырайынын өзгөрүшү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрүнө жана жергиликтүү суу байлыктарын башкаруу тажрыйбаларына негизделген сунуштар жана кеңештер менен бөлүштү. Ошондой эле Баткен облусунун Дөбө айылында ишке ашырылып жаткан долбоордун кийинки кадамдары талкууланып, Бештин айынын башында болгон алгачкы талаа сапарынын жыйынтыктары чыгарылды.…
