Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      admin
      |
      admin
      |
      Page 39

      Author: admin

      Тынчтыкты орнотуу үчүн элдик ыкма

      May 18, 2022by admin
      Categories : Blog

      2022-жылдын 17-майында Тажикстан менен чектеш Раззаков шаарынын жанындагы дөбөсүнүн биринде (Исфана шаары, Баткен облусу, Лейлек району) МИБ Айгиненин туруктуу эксперти Жумагазы Садыр уулу баш болгон салтчыларынын демилгелүү тобу, Семетейдин асабасын көтөрүү ырымын өткөрүштү.   Ырымдын максаты – Кыргызстандын чек арасынын бүтүндүгүн бекемдөө. Ырымдын катышуучулары Баткен жергесинде Семетей асабасынын орнотулушу Кыргызстандын түштүк жана батыш чек арасына тынчтык жана бейпилдик алып келүүгө өбөлгө болот деп ишенишет.

      Окуу

      Пилоттук талаа сапарлары

      April 19, 2022by admin
      Categories : Blog

      Профессор Рут Мэйс жана анын жардамчылары Ийшан Си менен Наркулан Халимубиек Лондон колледжинин университетинин антропология бөлүмүнүнөн долбоордун негизги изилдөөлөрү боло турган айылдарды аныктоо үчүн пилоттук талаа сапарларын улантууда. Профессор Рут Мэйс жана анын  изилдөө тобу Кыргызстанда “Демография жана экологиялык гендердик объективдүү зыяндуу маданий тажырыйбарлары  – Кыргызстанда мажбурлап турмушка чыгуунун жүрүм-турумдук экологиясы” аттуу изилдөөнү баштап жатышат. Өткөн жумада изилдөөчүлөр  Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында, ошондой эле Каракол шаарында болушту.  Бүгүн, 19 апрелде изилдөө топ Ошко келди. Ошко сапарда Лондондон келген тобуну МИБ Айгиненин кызматкери Мээрим Айтикеева коштоп жүрөт.

      Окуу

      "Тагдыр жана ажал" ой-калчоо иш-чарасы

      March 31, 2022by admin
      Categories : Blog

      30-мартта МИБ Айгине кеңсесинде “Тагдыр жана өлүм” циклинин алкагында биринчи жолугушуу болуп өттү. Дизайнер, SHERDEN брендинин негиздөөчүсү жана “7 АСМАН” интеллектуалдык-чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү  Миррахим Опош «Кайра төрөлүү (реинкарнация) түшүнүгү жана анын кыргыздын салттуу дүйнө таанымына тиешеси» деген маселеде ой бөлүштү. Миррахим индуизмдин, буддизмдин, йоганын негиздерин түшүнүү боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасы жана өлкөнүн заманбап жамааттарында реинкарнация сыяктуу Индиянын руханий маданиятынын негизги концепциясын колдонуу боюнча байкоолору менен бөлүштү. Миррахим кыргыздын салттуу дүйнө таанымындагы өлгөндөн кийинки жан жолу концепциясы менен жандын кайра төрөлүү маселесин салыштырып талдоо жүргүзгөн. Миррахим реинкарнация өлүмдү түшүнүү катары кыргыздардын…

      Окуу

      Иш жолугуулар

      March 30, 2022by admin
      Categories : Blog

      Бүгүн, 29-мартта МИБ  Айгине менен Орусия Алтай Республикасынан, «АруСвати» этномаданий илимий-билим берүү борборунун ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. «АруСвати» жана «Уч Эҥмек» борборлорунун жетекчиси Данил Иванович Мамиев жана МИБ Айгиненин кызматкерлери мүмкүн болгон эл аралык кызматташтыктын алкагында өз сунуштарын жана ой-пикирлерин  бири-бири менен бөлүшүп, жалпы тил табышты. Алтайдагы Каракол өрөөнүндөгү жана Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң аймагындагы чийимташтарды жана эстеликтерди паспорттоштуруу, археологдорду, тарыхчыларды жана касиет кармануучуларды  биргелешкен билимдерди чыгарууга тартуу ой пикирлери талкууланды.

      Окуу

      Posts navigation

      1 … 38 39 40 … 64
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча