Бүгүн МИБ Айгиненин тобу өнөктөштөр менен бирге ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Материалдык эмес маданий мурасты коргоо Конвенциясынын Катчылыгынын өкүлдөрү менен консультациялык жолугушуу өткөрдү. Катчылыгынын өкүлдөрү Айгине долбоорунун сунушуна техникалык баа берүүнү жүргүзүп жатышат. Пландаштырылган долбоордун максаттары – Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмесин санариптик форматка өткөрүү, ошондой эле Кыргызстанда жашаган элдердин Материалдык эмес маданий мурас элементтерин тизмесин жасоо. Жолугушууда жамааттардын материалдык эмес маданий мурас элементтерин улуттук тизмесине киргизүүгө макулдугунун маанилүү маселелери жана жамааттардын материалдык эмес маданий мурас элементтер жөнүндө маалыматты санарип форматта жарыялоо талкууланды. Жолугушууга Айгиненин көп жылдык өнөктөштөрү, ар…
Author: admin
Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынак
Жалпы маалымат Комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Эн-Белги комуз үйрөнүү ыкмасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата, көп кырдуу чыгармачыл дүйнөсүнө арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынактардын жобосу. Бул сынактар кыргыз салттык, аспаптык музыкасын, комузчулук, күүчүлүк, аткаруучулук өнөрлөрүн өнүктүрүү максатын көздөө менен бирге, Н.Абдрахмановдун чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү, чыгармаларын сактоо жана жалпы жайылтуу болуп саналат. Н.Абдрахмановдун көп кырлуу чыгармачылык дүйнөсүн эл алдында адискөйлүк деңгээлде алып чыга ала турган, чыгармаларын чебер аткара алган мыкты күүчүлөрдү, аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу. Бул сынакка салттуу музыка искусствосунун…
Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдөө үчүн постколониялык илимий көз караштар зарылбы?
Айгине маданий-изилдөө борбору КРУИАнын Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту менен бирге постколониализм маселелерине арналган илимий жолугушуу өткөрдү. 9.30 —10.00 – таанышуу 10.00 -11.30 – Батыштагы колонияга каршы күрөш жана постколониялык теорияларга түрткү бергендер. Постколониялык теориялардын жаралышы – Эдвард Саид жана ага сын, Айжаз Ахмад. Субалтерн көрүнүшү: Гаятри Спивак (субалтерн – кол алдындагы, көз каранды, басылган) 11.30 – 12.00 – постколониялык казак ыры «Самалтау» мысалында 12.00-13.15 – түшкү тамак 13.15 — 15.00 — талкуу, суроо-жооп Жыйналышты Алима Бисенова – белгилүү казах илимпоз, антропология илиминин доктору, постколониальность боюнча адис,…
Кыргызстандын адабиятын жана маданиятын изилдөө үчүн постколониялык илимий көз караштар зарылбы?
Айгине маданий-изилдөө борбору постколониализм маселелерине арналган илимий жолугушуу өткөрдү. Илимий жолугушуунун ирети: 9.30 —10.00 – таанышуу 10.00 -11.30 – батыш адабият таануунун алкагында постколониялык теориялардын жаралышы: Эдвард Саид, Айжаз Ахмад, Александр Эткинд. Субалтерн көрүнүшү: Гаятри Спивак (субалтерн – кол алдындагы, көз каранды, басылган) – орус совет “айыл прозасы” жана Айтматовдун чыгармаларынын мисалында постколония (Гүлсарат, Ак Кеме, Кылым карыткан бир күн). 11.30 — 12.00 — талкуу, суроо-жооп 12.00-13.00 – түшкү тамак (Айгине МИБ-нун меймандостугу) 13.00—15.00 колониализмге каршы, басылган элдин үндөрү Ысак Шайбековдун “Кайран эл” (https://www.youtube.com/watch?v=cf4ulH3Qy1I), Арстанбектин “Тар заман” (https://www.youtube.com/watch?v=7QRelfpR8Dg), “ Зар…
