18-июлда МИБ Айгиненин тобу Кореядан келген Азия маданият борборунун (АСС) өкүлдөрү менен жолугушту. ACC борбору Кореянын Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын Маданият министрлиги менен биргеликте маданий ресурстарды башкаруу үчүн санариптик маалымат системасын түзүү долбоорун баштоодо. Учурда Кыргызстандагы үч ири мамлекеттик музейдин катышуусунда керектүү маалыматтарды чогултуу иштери жүрүп жатат. Жакын арада маданият тармагында иштеген бейөкмөт уюмдар боюнча иш баштоо пландалууда. Жолугушууда МИБ Айгине менен Азия маданият борборунун ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон шарттары жана жагдайлары талкууланды.
Author: admin
Даярдоо жана байкоо саякаты
1-3-июлда Ак-Булуң чийимташтар менен байланышкан салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң чийим таштарга адисттик топтун биринчи даярдоо жана байкоо саякаты болуп өттү. Адисттик топтун курамына археолог Ороз Солтонбаев, Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошев жана салттуу билимдер боюнча адис, МИБ Айгиненин эксперти Жумагазы Садыр уулу, ошондой эле долбоордун координаторлору кирди. Долбоордун адистери чалгындоо сапарынан кийин археологиялык сметаны түзүшөт, анда Ак-Булуң чийимташтарына түзүү боюнча бардык зарыл чаралар чагылдырылат. Ошондой эле долбоорго катыша турган студенттер үчүн окуу материалдары даярдалат. Долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.
Иш жолугуулар
КРнын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына арналган “Дайым сулуу бул дүйнө” сынагынын уюштуруу тобу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат менен жолугушту. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул демилгени башынан эле колдоо көрсөтүүдө. Кезектеги жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында сынактын жеңүүчүлөрү үчүн министрлик тарабынан 300 миң сом бөлүү тууралуу макулдашуу түзүлдү. Сынактын финалы 2022-жылдын 17-октябрында өтөт. Толук маалымат шилтемеде.
Иш жолугуулар
Ак-Булуң чийимташтар менен байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо долбоорунун алкагында өткөн жумада алгачкы жолугушуулар өттү. Долбоордун алкагында чийимташтарды документтештирүү жана бул жердин паспортун түзүү боюнча негизги эксперт боло турган археолог Ороз Солтобаев жана Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошев менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жыйында чийимташтар топтолгон жердин паспортун түзүүнүн бардык маселелери, ошондой эле Ак-Булуң чийимташтарын документтештирүү боюнча жер-жерлерге чыгуунун жакынкы пландары талкууланды. Долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.
