Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      admin
      |
      admin
      |
      Page 34

      Author: admin

      Кыргыз маданиятындагы канаттуу салттуу баш кийимдер

      February 2, 2023by admin
      Categories : Blog

      1-февралда МИБ Айгиненин кеңсесинде «Кыргыздын салттуу баш кийимдери» аттуу биринчи кереге кеңеш болуп өттү. Талкууга кол өнөрчүлөр, салттуу билимиди алып жүрүүчүлөр, өнөрпоздор, манасчылар, изилдөөчүлөр катышты. Жыйындын негизги маселеси – эркектердин жана аялдардын салттуу баш кийиминде канаттуулардын жүндөрүн жана канаттардын колдонулушунун мааниси жана себептери талкууланды. Талкуу каралып жаткан маселенин ар кандай жактарын камтыган төрт баяндаманын негизинде болду. “Кийиз дүйнө” коомдук уюмунун жетекчиси, кол өнөрчү Айдай Асангулова жаш кыздардын баш кийимдеринде негизинен үкүнүн жүнү кара күчтөрдөн коргоочу тумар катары колдонулганы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү. Ошондой эле орто жаш аялдар үчүн элечектин…

      Окуу

      Маданий мурас менен заманбап технологиялардын жолугушуусу

      January 12, 2023by admin
      Categories : Blog

      ОсОО «СолТех», МИБ Айгине маданий мурасты сактаган топтор менен биргеликте «Маданий мурастын жана заманбап технологияладын жолугушуусу» долбоорун ишке ашырууну баштады. Бул долбоордун алкагында маданий мурасты сактоого, жайылтууга жана өсүп келе жаткан муунга жеткирүүгө багытталган 2 анимациялык тасма жаратылат. Ошондой эле долбоордун алкагында санарип каталогун түзүү үчүн ата-бабалардан келе жаткан баталарды, Жаратканга кайрылуунун жолдорун, түштөрдү жоруу усулдарды излилөө ишке ашырылат. Долбоордун түпкү максаты: санариптик каталогду колдонуу аркылуу маданий мурастарды сактоо жана азыркы жашоодо пайдалуу.

      Окуу

      Чийимташтардын сыры Маданият майданында

      December 26, 2022by admin
      Categories : Blog

      22-декабрда «Ак-Булуң (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан) чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо» долбоорунун жетектөөчү адиси археолог Ороз Солтобаев, анын окуучусу КМУнун тарых факультетинин студенти Нуржигит Бейшенкулов жана Айгине МИБун  жетекчиси, Гүлнара Айтпаева биргеликте КТРКнын «Маданият майданы» программасынан түз эфирге  чыгышты. Программаны Мирхамид Токтогулов алып барды. Айгине МИБун  жетекчиси Ак-Булуңда манасчы Тилек Асанов баштаган изилдөөлөр тууралуу айтып берди. Анын Ак-Булуң адырларынын боорлорундагы чийимташтарды изилдөөгө өжөрлүк менен чакыруусу – бул долбоордун демилгечиси болуп, буга чейин белгисиз чийимташтар жыйнагын ачылышына түрткү болду. Негизги төрт компоненттен турган долбоордун концепциясын, катышуучулар түз эфирде айтып беришти:…

      Окуу

      Бейзат маданий мурас боюнча жыйынтыктоочу иш-чара

      November 10, 2022by admin
      Categories : Blog

      Бүгүн, 10-ноябрда, МИБ Айгиненин тобу Азия-Тынч деңиз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борбордун (IRCI) өнөктөшү катары “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу иш-чараны өткөрдү. Иш-чаранын максаты IRCI маалымат базасы үчүн бейзат маданий мурас боюнча изилдөө булактарын чогултуу боюнча эки жылдык долбоордун жыйынтыгын чыгаруу жана талдоо болгон. Иш чарага долбоордун экинчи айлампасы маалымат базасы үчүн изилдөө материалдарын чогултууга жана сүрөттөмөгө катышкан улуттук өнөктөштөр катышты. Иш-чаранын катышуучулары менен IRCI-нын башкы директору Ватару Ивамото видео кайрылуу аркылуу саламдашып, жылуу тилектерин жолдоду. Долбоордун…

      Окуу

      Posts navigation

      1 … 33 34 35 … 64
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча