Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      admin
      |
      admin
      |
      Page 26

      Author: admin

      Өрттөлгөн ыйык жерди калыбына келтирүү жана зыяратчыларды коомдук талкууга даярдоо аркылуу зыярат кылуу тажрыйбасын колдоо

      December 18, 2023by admin

      Дүйнөнүн башка аймактарындагыдай эле Кыргызстанда да түпкү тажрыйбаларды радикалдуу исламдашуу абаларына каршылык көрсөтүүсү байкалууда. Жардам эки тапшырма үчүн суралат: Өрттөнүп кеткен табигый ыйык жер Арча-Мазарды калыбына келтирүү Диний радикалдашуу жана коммерциялаштыруу шартында жергиликтүү салт кармаган адамдар өз ой-пикирлерин коргоого үйрөтүү. Арча-Мазар ыйык жери өлкөнүн түндүгүндөгү Кочкор районунда жайгашкан. Арча-Мазар улуттук ыйык жерлердин тизмесине (2020) кирген жана арча, таш жана булактан турган жаратылыш комплекси болуп саналат. Бул жерге жүздөгөн кыргызстандык зыяратчылар ден соолук, жашоодо ийгилик, үй-бүлөнүн уланышын жана башкаларды суранып ажылык сапарга келишкен. массалык ажылыкты токтотуу. Алардын көз карашында, дарактарга, булактарга…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      November 27, 2023by admin

      Мурдаш чийимташтарын сактоо боюнча иш чаралар: Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Ош облусундагы Мурдаш Башы тарыхый-маданий аймагынын санариптик картасын түзүү иштерин улантууда. Бул долбоордун алкагында талаа изилдөө жүргүзүлүп, анын негизинде санариптик карта түзүлгөн. Учурда комплекстин 250гө жакын ташы картага түшүрүлгөн. Ар бир таштын сүрөттөлүшү археологиялык жазууну жана салттуу чечмелөөсүн камтыйт. “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун иш кеңешме: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында Жетинин айынын 17-де жумушчу жыйын болуп, анын жүрүшүндө долбоордун тобу, жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү тобу биргелешкен жыйын өткөрүштү. Көзөмөлдөөчү тобуна маданий мурастын…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      November 20, 2023by admin

      Бейзаттык маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмесин кайра карап чыгуу боюнча иштер: Кыргызстандын Бейзаттык маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмесинин 8 чөйрөсүнүн өкүлдөрү – оозеки элдик чыгармачылык, салттуу музыка, салттуу ырым-жырымдар жана майрамдар, салттуу тамак-аш, салттуу кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, жаратылышка жана ааламга тиешелүү билимдер, ыйык жерлерге байланыштуу зыярат жана ырым-жырымдар элементтеринин улуттук тизмесин тактоо, түзөтүү жана толуктоо боюнча ишин улантууда. Учурда долбоордун жумушчу тобу бул иштин алкагында түзүлө турган санариптик аянтчага андан ары жайгаштыруу үчүн тизмелерди которууну баштады. Салттуу тамак-аш чөйрөсү орус тилинен кыргыз тилине, ал эми салттуу кол өнөрчүлүк чөйрөсү…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      November 20, 2023by admin

      Сынак: Аялзатка болгон зордук-зомбулук мамилени тыйуу: Айгине МИБ аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чакан тасмалардын баяндамасын (сценарийин) түзүү боюнча сынак жарыялайт. Негизги талап: баяндама кыргыздардын жана башка жергиликтүү улуттардын арасында кенен орун алган көрүнүштөрдү жана түшүнүктөрдү камтып, көйгөйдү чечүү аракеттерди сунушташы керек. Баяндама 2-3 мүнөттүк тасмага негиз түзүү керек. Баяндама авторлорго ыңгайлуу жергиликтүү тилдерде сунушталышы мүмкүн. Сынактын мөөнөтү: 10 ноябрь – 10 декабрь. Сунушталган баяндамалардан 2 сценарий тандалып, ошолордун негизинде авторлордун катышуусу менен тасмалар тартылат. Тандалган сценарийдин акысы – 20 000 сом (бир баяндамага) жана баалуу китептер. Сунуштар 2023-жылдын 10-декабрына чейин…

      Окуу

      Posts navigation

      1 … 25 26 27 … 64
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча