Эл аралык форумга катышуу: IV Эл аралык илимий-практикалык форумдун алкагында “Коңур үндү кыргыз оркестринин үнүнө киргизүү” долбоорунун жумушчу тобунун мүчөсү Турумбаева Чолпон Коңур үн боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Бугунун 30 Кулжа 2 чейин өткөн Алтай мамлекеттик маданият институтунда Азия элдеринин Шериктештигинин алдындагы окуу жайлардын маданият тармагында “Евразиялык аймактын маданияты” IV Эл аралык илимий-практикалык форумунун алкагында тааныштырды. Форумга катышуу үчүн Чолпон Турумбаеванын “Көңур үн кыргыз аспаптык музыкасында” деген макаласы орус тилине которулган. Макала Эл аралык илимий-практикалык форумдун жыйынтыгы боюнча Алтай мамлекеттик маданият институтунун илимий журналына жарыяланат. Музыканттар тобун реконструкцияланган комузда…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Үйрөнүү иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган 4 кылдуу комузда жана реконструкцияланган кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Бул музыкалык аспаптар долбоордун алкагында атайын чеберлер Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев тарабынан жасалган. Музыканттар реконструкцияланган комуздар менен кыл кыяктарды камтыган оркестрдин экинчи угуусуна даярданып жатышат. Экинчи угууда жаш музыканттарды даярдоо иштерин жыйынтыгы чыгарылып, долбоордун иш-чараларынын алкагында мындан аркы кадамдар талкууланат. Иш жолугуулар: Бугу айынын 29 Айгине МИБ Өзбекстандагы Сармышсай коругунун негиздөөчүсү Эгамов Рамазан менен онлайн жолугушуу өткөздү. Жолгушууда…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Улуу Тоолор долбоорунун жыйынтыгы: Бугунун 21-де Тоң айылында Улуу Тоолор долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарада Тастар-Ата тоонун жанында жайгашкан 3 мектеп бир айлык изилдөөнүн натыйжасын көрсөтүштү. Ал мектептер Кажы-Саз, Туура-Суу жана Тоң айылдарында жайгашкан. Мектеп окуучулары өздөрүнүн айылында 5 багытта изилдөөлөрдү жүргүзүштү: дары чөптөр, уламыштар, чийимташтар, ийгиликтүү айымдар жана 1916 окуялар боюнча. Долбоордун катышуучулары жыйынтыкты креативдүү түрдө көрсөтүштү. Натыйжада, 3-орун Кажы-Саз айылынын мектебине, 2-орун Тоң айылынын мектебине, ал эми 1-орун Туура-Суу айылынын мектебине берилди. Калыстар тобунда Гульнара Айтпаева, Жумагазы Садыр уулу жана Темирбек Токтогазиев болду. Долбоордун башталышына жардам берген жергиликтүү инсан…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Улуу Тоолор: бул жумада “Улуу Тоолор” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун үч районунун эки мектебинин 7-11-класстарынын Туура-Суу жана Кажы-Саз айылдарынын жергиликтүү тургундарынын арасында изилдөө иштерин жүргүзүп жатышкан окуучулары, Тастар-Ата тоосунда ишембилик өткөрүштү. Балдар биргелешип Тастар-Атанын аймагынан желим таштандыларды чыгарып, жакынкы жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүштү. Келерки жумада мектеп окуучулары чийимташтар, уламыштар, дары өсүмдүктөр, ийгиликтүү айымдар деген темалар багыттарда изилдөө иштеринин жыйынтыгы менен тааныштырышат. Окучуулардын изилдөө топтордун жетекчилери мектеп мугалимдери. Кажы-Саз айылындагы мектептин топ жетекчиси – тарых мугалими Асел Бектурова; Туура-Суу айылдык мектебинин топ жетекчиси – Батырбек Шыгаев, кыргыз тили жана адабияты мугалими;…
