Иш сапарлар: Баш оонанын 6-да Айгине МИБ Өзбекистандагы Навои шаарынан алыс эмес жайгашкан Сармышсай комплексине сапар кылууда. Бул – чийимташтарга өтө бай жер. Саны да, мааниси да адамды таң калтырат. Бул таш сүрөттөр тууралуу Рамазан Эгамов, Сармышсай паркынын жетекчиси Ысык-Көлдөгү иш чарага келгенде тааныштыра кеткен. Иш сапар Баш оонанын 11-чейин уланат. Иш жолугушуулар: Баш оона айынын 4-дө Айгине МИБ өкүлдөрү Алай Куудагы Кара Кулжанын алыскы тоолу Көндүк айылынын өкүлү Назар Төлөнбаев менен жолугушту. Назар байке 2019 жылдан бери Айгине тобу менен байланышып келет. Жолугушуу учурунда Кара Кулжа аймагында жайгашкан айылдарынын,…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Мурдаш боюнча Кыймыл Тасма (Моушн) иштеп чыгуу: «Мурдаш Башы чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоору бүгүн көмүр казуу иштеринин кесепетинен жоголуп бараткан байыркы өнөрдү сактоого арналган. Айгиненин тобу Тентек бирикмеси менен бирге келечектеги анимациялык моушн тасманын акыркы ар бир көрүнүшүн (раскадровканы) иштеп аякташты. Тасманын окуясы элдик билермандарынын жана археологдорунун катышууусу менен түзүлгөн. Иш тобу кийинки кадамга – Мурдаш Башында тартылган бөлүкчөлөрү жана жалпы окуяны анимациялоого киришти. Түпкү жер-суу аттары: Түпкү Кыргызстан долбоорунун алкагында Айгине маданий-изилдөө борборунда илимпоз Абакир Калыбеков менен жолугушуу болду.…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Энелердин колдоосу: Айгине МИБ тобу «Энелердин колдоосу» демилгелүү тобу менен биргеликте «Жети эненин батасы» долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоор кыргыз элинин түпкү маданиятына мүнөздүү аялдардын салттуу иш-аракеттерин сактоого жана өркүндөтүүгө багытталган. Зордук-зомбулукка каршы жана зордук-зомбулукка кабылган аялдарды айыктыруу куралы катары бата брүү/алуу, сайма сайуу, кошок айтуу салттуу көрүнүштөрү ишке тартылат. Бата берүү – жакшылык тилеп колдоо көрсөтүүнүн бир түрү болуп келет. Аялдарга кыйынчылыктарды жеңүүгө, жана өзүн-өзү сыйлоо сезимин калыбына келтирүүгө дем жана күч берүүчү сөздөр сунушталат. Сайма сайуу, оймо-чийме өнөрү запкы тарткан аялзатты калыбына келүү/келтирүү усул катары колдонулат. Аялдар капалуу,…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: Айгине МИБ тобу «Жылдыз Санак» демилгелүү тобу менен биргеликте «Балдар асманы» долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоордун негизги максаты – балдарга асман дүйнөсү жана асман чөйрөлөрү тууралуу байыркы жергиликтүү билимди жана түшүнүктөрдү тартулоо жана кенен жайылтуу болуп саналат. Долбоордун натыйжалары – кыргыз тилинде үч жергиликтүү уламышты камтыган кооз китеп чыгаруу, ошондой эле асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү, Саймалуу-Таштагы айрым чийимташтар менен алардын өз ара байланышын ачып берген видеосабакты тартуу. «Жылдыз санак» (Жылдыз санагы) — кыргыздын салттуу астрономиялык жана астрологиялык билимдер…
