Иш жолугуулар: Аяк оонанын 3-дө Айгине МИБдин кеңсесинде Айгине менен иштешип жүргөн кол өнөрчүлөрдүн чакан тобу менен алгачкы жолугушуу болуп, кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын куруу маселеси талкууланды. Долбоор ЮНЕСКОнун колдоосу астында Азия-Тынч мухит аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалымат-тармактык борбор (ICHCAP) тарабынан демилгеленген. Жолугушууда маалымат булактын өзөгү жана болжолдуу түзүлүшү талкууланып, анда Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнүн бардык жактарын эсепке алууга аракет кылынды. Кийинки жолугушууга белгилүү кол өнөрчүлөр жана уюмдар чыкырылып, өткөн жыйналыштын негизинде түзүлгөн булак өзөгү сын-талкууга алынат. Жаңы изилдөө: Айгине маданий изилдөө борборунун тобу Борбордук Азиянын салттуу…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Маданий мурастар жана заманбап технологиялардын жолугушуусу: Айгине маданий изилдөө борборунун тобу “Солтек” уюму менен биргеликте “Маданий мурас менен заманбап технологиялардын жолугушуусу” аттуу долбоордун экинчи баскычын ишке ашырууга киришти. Бул баскыч эки негизги багытты камтыйт: ыйык жерлерге зыярат кылуу салтынын мааниси жөнүндө кыска анимациялык тасма жаратуу жана балдар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде көк-бөрү боюнча соңгу мобилдик видеооюн иштеп чыгуу. Видеооюн Кыргызстанда жасалган алгачкы экшн жанрындагы мобилдик оюн болуп, App Store жана Google Play платформаларында жеткиликтүү болот. Долбоордун тобу мобилдик оюнду долбоорлоо жана анын мазмунун түзүү ишине киришти. Оюндун дизайнын жана…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Иш чара: Баш оонанын 19-23 Айгине маданий-изилдөө борбору «2003-жылдын Тизмелерине киргизүү үчүн номинациялык файлдарды даярдоо үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бейзаттык маданий мурастарынын эксперттеринин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүү боюнча тренинг» өткөрдү. Иш чара Бишкек шаарындагы Жаннат резорт мейманканасында ЮНЕСКО тарабынан Европа биримдигинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы Жибек Жолунун мурас коридорлору – Европалык маданий мурастар жылынын эл аралык аспектилери” долбоорунун алкагында өттү. Иш чаранын максаты – номинациялык файлдарды даярдоо үчүн зарыл болгон концептуалдык, аналитикалык жана техникалык чеберчиликти өнүктүрүү, ошондой эле бейзаттык маданий мурастын элементтеринин номинацияларын эл…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: Айгине МИБ “Балдар Асманы” долбоорунун алкагында жумушчу топ жаш сүрөтчүлөр жана аниматорлор Асель Китаеванын жетекчилиги астында топ менен биргеликте болочок видеосабактын ар бир көрүнүшүн (раскадровканы) түзүүгө киришти. Бул видеосабак көрүүчүлөргө муундан муунга өтүп келген асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү ачып берет. Видеосабактан тышкары, долбоордо жаркын сүрөттөр менен коштолгон балдар китебин чыгаруу да каралган. Бул китепке “Жылдыз Санак” демилгелүү тобунун мүчөсү, астрономия боюнча улук окутуучу Абакир Калыбеков тарабынан чогултулган жылдыздар жана асман сфералары тууралуу элдик уламыштар киргизилет. Бул долбоор салттуу…
