Мурдаш Башы чийимташтарын санариптештирүү жана документтештирүү долбоорунун мүчөсү, Ош Университетинин археологу Салтанат Алишер кызы өткөн жумада профессор Сулеймановдун мааракесине арналган эл аралык иш-чарага баяны менен катышты. Иш-чара Ташкенттеги Улуттук археологиялык борборунда өтүп, анда дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген адистер чогулушту. Салтанат Ош облусундагы Мурдаш Башы чийимташтарынын байлыгы жана өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берип, алардын Кыргызстан маданий мурастарындагы сейрек жана маанилүү ордун белгиледи. Ошондой эле ал Айгине МИБ тобунун чийимташтарды санариптештирүү жана документтештирүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул иште изилдөөчүлөр пайдаланган ыкмалар ошондой эле кыйынчылыктар тууралуу баяндады. Биз Асел Даниярованын («Санжарбек Данияров…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Жергиликтүү изилдөөлөр: Тогуздун айынын башында, Айгине Маданий Илимий Борборунун тобу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак, Учкун жана Охна айылдарында окуучулар үчүн иш-чара өткөрдү. Бул иш-чара “Улуу Тоолор” долбоорунун алкагында өткөрүлүп, анда окуучулар өз айылдарында төмөнкү темалар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт: а) уламыштар, б) дары чөптөр, в) чийимташтар, г) ийгиликтүү айымдар, д) түпкү Кыргызстан, е) 1916-жыл окуялары. Изилдөөлөрдөн тышкары, окуучулар тоолордо ишембилик өткөрүштү. Видеодо Кызыл-Булак жана Охна айылындагы мектеп окуучуларынын ишембилиги. Долбоордун жыйынтыгы Жетинин айынын башында өтөт. Иш жолугуу: Айгине Маданий Изилдөө Борборунун өкүлдөрү Борбордук Азиянын салттуу күрөш жана ат оюндары, анын…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Иш жолугушуулар: Тогуздун айынын 14-17 күндөрү Айгине борборунун тобу Талас облусунда кошок айтуу мурасын сактап келе жаткан энелер менен жолукту. Биз 95 жаштагы Саадабүбү апа, 93 жаштагы Калемкаш апа, 81 жаштагы Фарида апа жана 80 жаштагы Арзан апа менен баарлаштык. Бул даанышман апалар кошок айтуунун баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшүп, өздөрүнүн салт-санаа жана маданий мурастарга терең урмат көрсөтүү менен өткөн турмуш жолдорун баяндап беришти. Иш сапарлары: Бул жумада Айгине борборунун тобу чийимташтардын маалымат булагын кеңейтүүнү улантып, Талас облусундагы бир нече өзгөчө жерге барды. Биз Кара-Буура районундагы Бакайыр айылынын жанындагы Кара…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Эл аралык конференция: Тогуздун айынын 7-9 Түштүк Кореянын Чунжу шаарында жоокерлик өнөрлөр боюнча Эл аралык форум өттү. Форум 12 өлкөнүн өкүлдөрүн, жоокерлик өнөр менен байланышкан адистерди бириктирди. Маданият боюнча адистер, салттуу өнөрлөрдү сактагандар чогулуп, маанилүү маселелерди талкуулап, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Тогуздун айынын 7-де биринчи иш отуруму болуп, «Жоокерлик өнөрлөр бейзаттык маданий мурас катары жана алардын милдети» деген маселеге арналды. Аны Айгиненин жетекчиси Гулнара Айтпаева жетектеп алып барды. Ал эми Тогуздун айынын 8-де Айгине уюмунун кызматкери Чолпонай У.-Г. Форумдун катышуучуларына биздин салттуу оюн — көк бөрү тууралуу маалымат берди. Бул…
